
Заманауи приборлар жашыруун кемчиликтерди аныктоого жана объектилердин сейсмостойкулугун баалоого жардам берет
Кыргызстанда имараттардын абалын жана алардын сейсмостойкулугун так баалоо үчүн жаңы инженердик жабдууларды тестирлөө өткөрүлдү. Сынактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Сейсмостойку курулуш мамлекеттик институту тарабынан Россиянын «Тюменгеотехальянс» компаниясы менен кызматташтыкта уюштурулду.
Иш-чарада адистерге «Велосиметр» жана «Сейсмический регистратор Байкал-7» деген эки прибор көрсөтүлдү. Бул жабдуулар бир нече объектте тестирленип, имараттардын динамикалык параметрлерин, алардын эскирүү деңгээлин жана мүмкүн болгон конструктивдик кемчиликтерди аныктоого мүмкүнчүлүк берди.
Практикалык сыноолор аяктагандан кийин техникалык отчеттор түзүлөт. Эгер оң натыйжалар болсо, Министрлер Кабинети приборлорду келечекте колдонуу мүмкүнчүлүгүн жана зарылчылык болсо, сатып алуусун карап чыгат.
Министрлер Кабинетинин маалымат кызматынын сүрөтү