Кара-Куль шаарында интернационалист жоокерлердин элесине таазим кылышты

Яна Орехова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кара-Кулда 13-февралда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылганына 37 жыл толуусуна арналган митинг-реквием өттү.

Бул иш-чара Афганистандагы согушта өмүрүн берген жоокерлерди эскерүү үчүн уюштурулган жана биз менен жашап жаткан ардагерлерге болгон урматтын белгиси катары өткөрүлдү.

Иш-чарага шаар башчысы Нуртилек Орозбаев, кенештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, ошондой эле ар кандай мекемелердин, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана студенттер катышты.

Митинг учурунда катышуучулар курман болгондордун элесин эскерип, алардын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын билдиришти. Иш-чаранын алкагында алардын урматына дуба окулуп, согуштан кайтып келбеген жоокерлердин эстелигине гүлдөр жана веноктор коюлду. Ошондой эле, катышуучулар курман болгондордун элесин бир мүнөт үнсүз эскеришти.

Мындан тышкары, Кара-Кулда жашаган 13 Афган согушунун ардагерине жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам көрсөтүлдү — ар бирине 5 миң сомдон.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: