Операциянын алкагында укук коргоо органдары интимдик кызматтарды сунуштаган адамдарды жана притон уюштурууга катышкан адамдарды аныктоого аракет кылышууда.
Соңку эки сутка ичинде ички иштер кызматкерлери 20 адамды кармашты. Алардын ону менен профилактикалык максатта сүйлөшүүлөр жүргүзүлсө, калган он адамга жезөкшөлүк менен алектенүү боюнча укук бузуулар кодексинин 109-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.
Укук коргоо органдары шаардыктардын жана борбордун конокторунун интимдик кызматтарды сунуштоо боюнча ар кандай учурлар тууралуу 102 телефонуна билдирүү жасоого чакырууда.
Операция уланууда.