
Бул популярдуу адамдардын жардамы менен бийлик кыргызстандык туризмдин интернеттеги көрүнүшүн жогорулатууга жана жаңы аудиторияны тартууга ниеттенүүдө.
Тараптар биргеликте Кыргызстандагы туристтик маршруттар жана кызыктуу жерлер жөнүндө контент түзүүнү, ошондой эле пресс-турларга, эл аралык көргөзмөлөргө жана PR-акцияларга катышууну пландаштырууда. Фонд зарыл болгон уюштуруу жана маалыматтык колдоону камсыздайт, ал эми блогерлер өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өз аудиториясына жеткирүү жана демилгелүү долбоорлорго катышуу менен алектенишет.
Bлогер Sary Kyz (Лариса Булина) 2022-жылдан бери Кыргызстанды популяризациялоого активдүү катышып, өлкөнүн маданияты, салттары жана аймактарындагы саякаттар жөнүндө контент түзүүдө.
Argen Sigma болсо, шаардык жана табигый локацияларга байланыштуу визуалдык контент жана видеопроекттерди түзүүгө көңүл бурат, анын эмгектери социалдык тармактарда кеңири аудиторияга жетип, жаштарды тартат.