
291-километрде убактылуу реверсивдик кыймыл режими киргизилди
Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Кара-Ункур капчыгайындагы бөлүгүндө кар көчкү түшкөндүгү тууралуу транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы учурда кыймыл бир тилкеде уюштурулган — унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүүдө.
Тоодон түшкөн кардын көлөмү такталууда. Окуя болгон жерде №41 жол эксплуатациялоо ишканасынын адистери жолду тазалоо менен алектенишүүдө.
Министрлик айдоочуларды аба ырайына көңүл бурууга, аралыкты сактоону жана тоолуу аймактарда ылдамдык режимин сактоону унутпоого чакырат.
Сүрөт www