
Келечектеги эки-үч айдын ичинде Бишкек шаардык мэриясы акылдуу светофорлор долбоорун шаар боюнча кеңейтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол транспорттук инфраструктурасы департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.
Ал долбоор үстүндө учурда «Цифрдык технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы иштеп жатканын, бул ишкана шаар боюнча жол кыймылын башкарууну автоматташтырууга багытталганын тактады.
Бейшенбаев ошондой эле пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилиште ушундай светофорлор орнотулганын эске салды.
Анын айтымында, пилоттук сынактын натыйжалары системанын натыйжалуулугун тастыктады, ал башка ири шаарларда ийгиликтүү колдонулуп жатат.