
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуу китебинин жалпы тиражы 144 965 нускадан турат. Анын ичинен 86,6 миң нуска кыргыз тилинде билим берүүчү мектептерге, ал эми 58,4 миң нуска орус тилинде билим берүүчү мекемелерге арналган.


Окуу китептери өлкөнүн бардык региондорундагы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлөт.
Окуу-методикалык комплекс мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыккан.
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүү жүргүзүлүп жатканын белгилеп өтүү керек. 2025/2026-окуу жылында жаңы программага биринчи, экинчи, бешинчи жана жетинчи класстардын окуучулары өтөт, ал эми 2026/2027-окуу жылында үчүнчүдөн сегизинчи класска чейинки окуучулар үчүн өтүү күтүлүүдө.