
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында депутаттык топ «Ата Журт» эми «Эл үмүтү-Ата Журт» деп аталат деген билдирүү жасалды. Бул билдирүүнү топтун жетекчиси, депутат Дастан Джумабеков жасады.
Мындан тышкары, ал топтун жамаатына жаңы мүчө — Таалайбек Сарыбашев кошулганын белгиледи.