
Документ 107 өлкөнүн колдоосун алды, ал эми 12 мамлекет каршы добуш берди, 51 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, АКШ жана Кытай, добуш берүүдөн баш тартты.
Кабыл алынган резолюция Украинадын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн таануунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. АКШнын бул маселелерге жана БУУнун Уставына тиешелүү эки абзацты алып салуу сунушу башка өлкөлөр тарабынан четке кагылды жана резолюция баштапкы редакциясында бекитилди.
БУУнун сүрөтү
Резолюцияны колдогон өлкөлөрдүн арасында көптөгөн европалык мамлекеттер, Канада, Япония, Австралия, Түштүк Корея, ошондой эле Латин Америкасы жана Африка өлкөлөрү бар. Каршы добуш берген өлкөлөрдүн катарында Россия, Беларус, Сирия, Түндүк Корея, Иран жана Эритрея бар.
Добуш берүүдөн баш тарткандардын катарына Кыргызстандан тышкары АКШ, Кытай, Индия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Оман, Катар жана Сингапур, ошондой эле Словакия жана башка мамлекеттер кирет.
Резолюция аскердик аракеттерди токтотуунун жана конфликтти тынчтык жолу менен чечүүнүн, ошондой эле эл аралык нормалар жана БУУнун Уставынын принциптерин сактоонун зарылдыгына көңүл бурат.