"Биз, жергиликтүү тургундар жана №51 мектептин ата-энелери, бул участоктогу коопсуздукка өтө тынчсыздануудабыз. Унаалар көп учурда уруксат берилген ылдамдыкты ашырып жүрүшөт, бул жөө адамдар үчүн, айрыкча балдар үчүн, кооптуу, анткени жакын жерде мектеп жана башка билим берүү мекемелери жайгашкан. Биз Бишкек шаардык кеңешине кайрылганбыз, бирок бизге болгону жол белгилерин коюу сунушталды. Бул чечим бизди канааттандырбайт, анткени белгилер коопсуздуктун кепилдиги эмес, көптөгөн айдоочулар аны жөн эле эске алышпайт", - деп белгилешет алар.



