
БААнын маалымат кызматы тарабынан жарыяланган маалыматтарга ылайык, 2025-жылы дүйнөдөгү эл аралык туристтердин саны 1,52 миллиардды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 60 миллион адамга, же 4 пайызга көбөйдү.
Бул натыйжалар дүйнөлүк туризмдин пандемияга чейин болгон деңгээлдерине калыбына келтирилгенин көрсөтүп турат. Өсүүнүн негизги факторлоруна саякатка болгон жогорку суроо-талап, ири рыноктордогу оң динамика, ошондой эле Азия жана Тынч океан аймагындагы агымдардын калыбына келиши кирет. Мындан тышкары, авиабайланыштын кеңейиши жана визалык кызматтардын жакшыртылышы 2025-жылы эл аралык саякаттардын көбөйүшүнө өбөлгө түздү.
Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Шейха Аль Нувайс, саякатка болгон кызыгуу жыл бою жогорку деңгээлде сакталганын, туристтик сектордогу инфляциянын өсүшүнө жана геосаясий белгисиздикке карабастан, белгилеп өттү.
Өткөн жыл үчүн статистиканы берген айрым өлкөлөр эл аралык туристтердин санынын эки цифрлуу өсүшүн байкашкан. Бул көрсөткүч боюнча лидерлер Бразилия (37 пайыздык өсүш), Мысыр (20 пайыз), Марокко (14 пайыз) жана Сейшел аралдары (13 пайыз) болуп саналат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы туризмден түшкөн кирешелер рекорддук $2,2 триллионго жетти.
2026-жылга болгон болжолдор 2025-жылга салыштырмалуу эл аралык туризмдын 3-4 пайызга өсүшүн күтүп жатат, эгерде Азия жана Тынч океан аймагындагы калыбына келүү уланса, дүйнөлүк экономикалык шарттар туруктуу болуп, геосаясий конфликттердин курчушу болбосо. Бирок, учурдагы геосаясий чыңалуу туристтик тармак үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратууда.
Ошондой эле, Италиядагы кышкы Олимпиада оюндары жана футбол боюнча дүйнө чемпионаты (Канада, АКШ жана Мексика) сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар эл аралык саякаттарга болгон кызыгуунун өсүшүнө да өбөлгө түзүүдө.