
Бул иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасы 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Бул роль өлкөгө эл аралык имиджин бекемдөө, улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана программаны өнүктүрүүгө активдүү катышуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Ошондой эле, бул жолугушуулардын маанилүү натыйжасы СПЕКА фондунун ишин баштоо үчүн зарыл документтердин кабыл алынышы болду, ал Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырууну жүргүзөт.
Маалымат
СПЕКА программасынын жетекчилик кеңеши жыл сайын чогулуп, программаны жалпы башкарууну жүргүзүү, стратегиялык приоритеттерди аныктоо, иш пландарын бекитүү, отчетторду карап чыгуу жана жумушчу топтордун иши боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жыйын өткөрөт.