
Депутат билим берүү төлөмдөрүн чектөө зарылдыгын айтты
Парламенттин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында, өткөн күнү, депутат Камила Талиева жогорку окуу жайларындагы контракттык билим берүү бааларын кайра карап чыгуу зарылдыгын көтөрдү.
Ал акыркы эки жылда билим алуу үчүн төлөмдөрдүн кескин жогорулаганын белгилеп, студенттердин ата-энелери депутаттарга бул боюнча арыздана баштаганын айтты.
«Кээ бир ректорлор ашыкча бааларды белгилеп, өздөрү чет өлкөлөрдө эс алып, студенттердин каражаттары менен саякаттарын каржылап жатышат», — деп баса белгиледи Талиева.
Мамлекеттик антимонополь жөнгө салуу агенттигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик көзөмөл алынып салынгандан кийин билим берүү бааларында кескин өсүү байкалууда, кээ бир университеттерде төлөм эки эсе жогорулаган.
Сүрөт www