
Закон долбоору бизнесдин экономикалык туруктуулугу менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ортосунда баланс түзүүнү камсыз кылууга багытталган. Анын ичинде, рентабельдүүлүктү белгилөө аркылуу бааларды жөнгө салуу каралган, бул ишкерликтин өнүгүшүнө көмөктөшүп, бааларды жогорулатууга жол бербеши керек.
Депутат Марлен Маматалиев 16 түрдөгү социалдык маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салуу боюнча суроолорду көтөрдү. Өз кезегинде, депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоп, анын кабыл алынышы жогорку окуу жайларындагы контракттык баалардын жогорулашына алып келиши мүмкүн экендиги боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал акыркы эки жылда контракттык негизде билим алуу баасы кыйла жогорулаганын белгилеп, баа түзүү процессинде жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгына көңүл бурду.
Экономика жана коммерция министрлигинин Антимонопольдук жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев 2016-жылдан бери жогорку билим мамлекеттик баа жөнгө салуудан чыгарылганын түшүндүрүп, бул тармакты кайрадан көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди. Бул демилге депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Депутат Жаныбек Абиров социалдык маанилүү товарларга мамлекеттик баа жөнгө салуу боюнча кызматтын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдигине болгон келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору да каралды, ал биринчи окууда жактырылды.
Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр аныкталган юридикалык кемчиликтерди жоюуга, терминологияны тактоого, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясына ички рыноктогу тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясын бекитүү жана тоскоолдуктарды жоюлган деп таануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү максатын көздөйт.