Программа пробация органдарынын иши алкагында коопсуз чөйрөнү түзүү, урматтуу жүрүм-турумду калыптандыруу жана үй-бүлөдөгү зомбулук учурларынын кайталануу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү максатында ишке ашырылган.
Темага байланыштуу окуңуз Кагаздагы коргоо: эмне үчүн коргоо ордерлери үй-бүлөдөгү зомбулук курмандыктарын куткарбайт
Программанын негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет:
- конструктивдүү байланыш жана эмоцияларды башкаруу навыктарын үйрөтүү;
- зомбулуктун үй-бүлө мүчөлөрүнө тийгизген кесепеттерин түшүнүү;
- жеке жоопкерчилик сезимин калыптандыруу жана укуктук кесепеттерди түшүнүү;
- зомбулукка алып келген ишенимдерди өзгөртүү.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 19 995 учур катталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,5% жогору.
Республикада биринчи жолу күчөтүлгөн коргоо ордерлери киргизилип, алар электрондук браслеттер жана мобилдик көзөмөл менен коштолот. Бишкекте биринчи 15 дебошир мындай браслеттерди алышты.