5200 номерине чалып, анонимдүү, акысыз жана конфиденциалдуу жардам алууга болот. Чалууга жооп берген квалификациялуу психологдор жана зомбулук курмандыктарын колдоо жана кризистик кырдаалдар боюнча атайын даярдыктан өткөн консультанттар.
Ысык линия 5200 24 саат бою, дем алышсыз иштейт жана Кыргызстан боюнча бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.Ысык линиянын негизги иш багыттары:
- зомбулук жана эксплуатация курмандыктарына психологиялык колдоо;
- жаракат алган адамдардын укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү кызматтар жана чаралар тууралуу маалымат;
- коопсуз жашыруун жай, медициналык жана юридикалык жардам боюнча консультациялар;
- зомбулук учурларынын туугандары жана күбөлөрү үчүн колдоо.