МВД: Үй комитеттери тынчтык мыйзамы боюнча профилактика жүргүзө алышат
Бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат Жаңы мыйзам долбоору парламенттин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында талкууланган учурда, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов үй комитеттери тынчтык мыйзамына ылайык алдын алуу чараларын жүргүзө алат деп билдирди. Бүгүн депутаттар Кыргыз Республикасындагы укук бузуулар кодексине, ошондой эле "Укук бузууларды алдын алуу негиздери" жана "Тынчтык" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү карашты.