
2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Гана Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Джеймс Джакье Куайзон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги тарабынан берилди.
Сүйлөшүүнүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн аспекттери талкууланды, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясат органдарынын өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгы боюнча макулдашууга жетишилди.
Тараптар көп тараптуу форматтардагы кызматташууга көңүл буруп, жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруунун келечегин талкуулашты.