
23-февралда Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча 61-сессиясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Швейцариянын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-швейцар кызматташтыгынын маанилүү аспектилери, анын ичинде саясий диалог жана соода-экономикалык байланыштар, ошондой эле 2026–2029-жылдарга карата өнөктөштүк программасын ишке ашыруу жана ар түрдүү эл аралык уюмдардагы кызматташтык талкууланды.
Министр Кулубаев 2026-жылы ОБСЕдеги төрагалыкка жетишкендиги үчүн швейцариялык тарапка куттуктоо билдирди жана бул эл аралык структурада активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
Соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, ошондой эле туризм тармагында кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Переговорлордун жыйынтыгы боюнча эки тарап Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга кызыктар экенин билдиришти.