Армения өкмөтүнүн 2025-жылга карата программасын ишке ашыруу боюнча отчетто, өткөн жылдын 1-мартынан тарта армян-турк чек арасындагы «Маргара» өткөрүү пункту толугу менен Армениянын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлүндө экендиги маалымдалат. Өз кезегинде, 2026-жылдын башынан тарта «Ахурик» өткөрүү пунктуна да ушундай статус берилет.
Учурда Армениянын мамлекеттик чек арасындагы бардык иштеп жаткан чек ара пункттары толук Армениянын улуттук коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленет.