КР Жогорку соту Kloop басылмасынын экстремизм боюнча айыптоосун карап чыкты

Анна Федорова Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Kloop media басылмасынын Октябрь райондук сотунун чечимине каршы берген аппеляциялык арызын карады. Октябрь райондук соту Kloop сайтында жайгаштырылган материалдарды экстремисттик деп тааныган.

Kloop адвокаты Нурбек Токтакунов Kaktus.mediaга билдиргендей, Жогорку соттун судьялары аппеляцияны тез арада четке каккан.

Эскерте кетсек, Октябрь райондук прокуратура Kloop media, Temirov Live жана "Айт айт десе" материалдарын, ошондой эле алардын жетекчилери Ринат Тухватшин жана Болот Темировду экстремисттик деп таануу боюнча сотко арыз берген. Бул чечим Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) тарабынан берилген материалдарга негизделген. Сот прокуратуранын бул арызын 2025-жылдын 27-октябрында канааттандырып, аталган басылмаларды экстремисттик деп тааныган.

Ошондой эле, Интерпол Кыргызстанга Kloopтун тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшинди издөө боюнча берген арызын четке какканын белгилеп өтүү керек.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: