
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 30-январда Иссык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы Х.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал, декабрь айынан бери А. аттуу тааныш эмес адамдын бир нече жолу алдаганын, акча уурдоого аракет кылганын айтып берген. Натыйжада, зыян 38 миң 500 сомду түзгөн.
Мындан тышкары, алдамчы жабырлануучуга алименттерин 8 миң 300 сомдон 4 миң 700 сомго төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, аны жаңылыштыкка салган. Ошентип, ал кайрадан акча алып, из жашырган.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Чүй облусунун ИИМинин сүрөтү
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары шектүүнү аныктап, кармашкан. Ал 1996-жылы туулган К.А. болуп чыкты. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн уурдалган акчаны жеке муктаждыктарына короткондугу аныкталды. Тергөөнүн иши уланууда.