
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлери Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» радикалдык уюмунун клеткаларын жоюу операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу МУККнын басма сөз кызматы маалымдады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Ноокат районунда аталган уюмдун 11 активистинин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.





Операциянын натыйжасында 217 предмет алынып, алар материалдык далилдер болуп саналат:
Жыйналган бардык материалдар соттук дин таануучу экспертизага жөнөтүлөт, анын жыйынтыгы боюнча кармалгандарга карата кийинки аракеттер аныкталат. Тергөө уланууда.