
КФСтин сүрөтү. Кыргызстандык үч футзал судьясы ФИФАнын эл аралык лицензияларын алышты
Таланту Раимбердиев жана Нурбек Арстанбек уулуна 2026-жылга лицензияларды Кыргыз футбол союзунун Башкы катчысы Медербек Сыдыков тапшырды.
Ал эми Тимур Токтобаев учурда Ош шаарында, анын лицензиясы жакынкы убакта тапшырылат.
Маалыматка ылайык, 2026-жылга ФИФАнын тизмесинде Кыргызстандан 17 судья жана судья жардамчылары бар, алар эл аралык аренада өлкөнү көрсөтүшөт.