
Архивдик сүрөт. Шоунун катышуучулары спорт менен активдүү алектенген мамлекеттик жетекчилердин үлгүсүнөн дем алышат
Молдажиев биринчи кезекте спорттук категориялары жок жана мурун спорт менен алектенбеген бюджеттик уюмдардын он кызматкерин тандоо жүргүзүлөрүн айтты.
«Биз аларга жүгүрүү, сүзүү жана велоспорт боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк беребиз. Катышуучуларды бардык зарыл нерселер менен камсыздайбыз: туруктуу медициналык текшерүүлөрдөн баштап, инвентарга жана витаминдик кошулмаларга чейин», — деди ал.
Проект марттан сентябрга чейин пландалган. Катышуучулар мамлекеттик мекемелерде беш жылдан кем эмес иштеген 28ден 38 жашка чейинки жарандар болушу мүмкүн.
Катышуу боюнча арыздар 1-февралдан 15-февралга чейин, эркектерден жана аялдардан кабыл алынат. Тандоонун аяктаганынан кийин келечектеги катышуучулар үчүн алардын жумуш графиктерин эске алган жеке машыгуу пландары түзүлөт.