
7,6 магнитудадагы жер титирөө Тонгад, Неиафу жээгинде болду, деп билдирет АКШнын Геологиялык кызматы (USGS).
Тынч океан цунами боюнча эскертүү борбору (PTWC) очоктун тереңдиги 237 км болгондуктан, цунами коркунучу жок экенин тактады. Адистер калкты эвакуациялоонун зарылдыгы жок экенин белгилешти.
Мындан тышкары, 23-мартта бул аймакта 5,5 магнитудадагы жер титирөө болгон, ал Тынч океан акваториясында, Уполу аралындагы Апиядан 204 км түштүк-батышта орун алган. Бул жер титирөөнүн эпицентри Тафахи аралынан (Тонга Королугу) 127 км түндүк-чыгышта жайгашкан.