Жүргүзүлгөн скринингдин натыйжасында 40 миң 942 гепатит В, 23 миң 39 гепатит С жана 1067 гепатит D учурлары аныкталды.
Тесттин жыйынтыктары терс болгон жарандар акысыз вакцинация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жыйынтыктары оң болгон жарандарга үй-бүлөлүк медицина борборлоруна дарыланууга жөнөтүү берилет, деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, электрондук саламаттыкты сактоо борбору менен кызматташтыкта вирус жугузуучу гепатиттери бар бейтаптардын интеграцияланган реестри түзүлдү, ал электрондук амбулатордук картасы менен байланышта. Бул реестрге 260 миңден ашык жазуу киргизилген.
Профилактикалык чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү аракеттер ишке ашырылды:
- болжол менен 2 000 баштапкы медициналык-санитардык жардам адистерин окутуу;
- мамлекеттик каналдар аркылуу жүргүзүлгөн маалыматтык кампания;
- 2 миллионго жакын жаран СМС-кабарларды алышты;
- Улуттук диний иштер агенттиги менен кызматташтыкта 2 039 имам менен маалыматтык иш жүргүзүлдү;
- видеороликтерди, плакаттарды жана аудио жарыяларды таратуу;
- 2025-жылы профилактикалык иш 1,5 миллионго жакын адамды камтыды.