Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 32 миллиард 873 миллион 616,8 миң сомду түзөт, анын ичинде республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансферттер бар.
- Салыктык кирешелер 23 миллиард 917 миллион 327,9 миң сом деңгээлинде күтүлүүдө;
- Салыктык эмес кирешелер — 3 миллиард 47 миллион 121,6 миң сом;
- Активдерден жана милдеттенмелерден түшүүлөр 6 миллион 750 миң сомду түзөт;
- Бишкектеги билим берүү мекемелеринин чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн расмий трансферттер — 5 миллиард 902 миллион 417,3 миң сом.
2026-жылга бюджеттин жалпы чыгымдары 32 миллиард 873 миллион 616,8 миң сом деңгээлинде пландалган, анын ичинен 978,2 миллион сом атайын муктаждыктарга жумшалат.
2027-жылга Бишкектин бюджетинин пландалган чыгымдары 36 миллиард 288,5 миллион сомду, ал эми 2028-жылга — 40,4 миллиард сомду түзөт.
Мэрия бул жобо кабыл алынса, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи.