
Президент белгиледи, өлкөнүн экономикасы үч эсе өскөн
Республика аралык жыйында Президент Садыр Жапаров 2025-жылга карата Кыргызстандын валовой ички өнүмү (ВВП) 22,6 миллиард доллардан ашканын билдирди.
Ал 2020-жылы ВВП 8,3 миллиард долларды түзгөнүн, 2025-жылга карата бул көрсөткүч үч эсе жакын көбөйгөнүн белгиледи.
«Акыркы беш жылда салык түшүүлөрү төрт эсе, бажы жыйымдары алты эсе, ал эми салыктык эмес кирешелер дээрлик тогуз эсе өскөн. 2021-жылы консолидирленген бюджет 313 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашат. Бул 3,5 эсе өсүү. Мындай жетишкендиктер өлкө тарыхында болгон эмес», - деп кошумчалады президент.