
Мындан тышкары, 850 МВт кубаттуулуктагы күн электр станцияларын киргизүү пландалууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында энергетика секторунун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Кыргызстан энергетика тармагында жаңы доорго кирип жатат.
Учурда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча чаралар ишке ашырылууда.
Мисалы, 2025-жылы Токтогул жана Уч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттарды алмаштыруу менен 213,6 МВт кубаттуулуктагы орнотулган өндүрүштүн көлөмү көбөйтүлдү, ошондой эле Кемин районунда 44,6 МВт жалпы кубаттуулуктагы 8 кичинекей ГЭС жана 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ишке киргизилди.
Өткөн жылы Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган CASA-1000 электр өткөргүч линиясы ишке киргизилди.
Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2де 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатты киргизүү боюнча иштер активдүү улантылууда.
«2026-жылы 80,6 МВт жалпы кубаттуулуктагы 13 кичинекей ГЭС жана 850 МВт кубаттуулуктагы күн электр станцияларын ишке киргизүү пландалууда», - деп белгиледи министр.
сүрөт www