
Такеучи Норихико, Кыргызстанга келип, 2025-жылдын 10-декабрынан тартып өз милдеттерин аткарууга киришти. Ал эки жыл бою Улуттук инвестиция агенттигине консультациялык жана аналитикалык кызматтарды көрсөтөт, анын ичинде 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясаттын өнүгүү стратегиясын түзүүгө катышат.
1969-жылы туулган Такеучи Норихико корпоративдик башкаруу жана эл аралык инвестициялар боюнча чоң тажрыйбага ээ. 1994-жылы ал Кэйо университетин аяктап, башкаруу жана саясат боюнча гуманитардык илимдердин бакалавры даражасын алган.
Карьерасында ал Bokd Investment Co., Ltd. компаниясында инвестиция департаментинин жана бизнести колдоо департаментинин жалпы менеджери кызматын аркалаган. Анын иши ички жана эл аралык инвестицияларды башкаруу, ошондой эле инвестициялык портфелдеги компанияларга стратегиялык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Мурда Норихико Otsuka Techno Corporation компаниясында корпоративдик пландоо боюнча директор жана бизнес өнүктүрүү боюнча жалпы менеджер кызматтарында иштеген. Бул мезгилде ал Япониянын ичинде жана сыртында өнөктөштүктөрдү түзүү, ошондой эле Otsuka Pharmaceutical Group тобуна кирген технологиялык сектордогу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу болгон.