Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, республикадагы энергетика тармагын модернизациялоого багытталган.
Акылдуу эсептегичтер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Бишкек – 91210 даана;
- Чүй облусу – 89129 даана;
- Ош облусу – 68242 даана;
- Баткен облусу – 54997 даана;
- Жалал-Абад облусу – 71546 даана.
Цифрландыруунун негизги максаты электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын арттыруу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу, электр камсыздоонун сапатын жогорулатуу жана бул тармакта цифрдык инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.
Акылдуу эсептегичтердин жардамы менен электр энергиясын реалдуу убакытта так көзөмөлдөө, техникалык кемчиликтерди тез табуу, мыйзамсыз туташтырууларды алдын алуу жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүү мүмкүнчүлүгү бар.