Бишкекте 20 мектептин, Ош шаарында 10 мектептин курулушу башталды

Юлия Воробьева Билим берүү
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда президенттин демилгеси менен жаңы билим берүү мекемелеринин курулушу башталды, деп билдирди өкмөт башчынын орун басары Эдиль Байсалов Министрлер кабинетинин жыйынында.

Ал Бишкекте 20 мектеп, Ошто 10, ал эми Манаста 6 мектеп курулуп жатканын белгиледи.

«1-сентябрга чейин курулушту аяктоо пландалган болчу, бирок иштер кечикти. Мектептер октябрда же ноябрда даяр болот деп күтүлүүдө», - деп кошумчалады Байсалов.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: