Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш контролунун мамлекеттик департаментинин адистери борбордо текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.


Текшерүүлөрдүн биринде Токмок көчөсүндө, 59-үйдө үч кабаттуу соода борборун курууда курулуш нормалары жана эрежелери бузулгандыгы аныкталды. Курулуш иштерине жооптуу ОсОО «Сапат Хаус» компаниясына протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле, аныкталган бузулууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди, деп айтылат маалыматта.
Министрлик бардык курулуш уюмдарына жана кызматкерлерине мыйзамдарга жана стандарттарга ылайык иш алып баруунун милдеттүү экенин эскертет. Эгер мыйзамдардын талаптары бузулса, министрлик тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур болот, ачык жана мыйзам чегинде иш алып барат.