Россия квалификациясы жогору жумушчулардын келишине кызыкдар — РФнын КРдеги элчиси

Сергей Гармаш Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте өткөн брифингде Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Чрезвычайный жана Толук ыйгарымдуу элчиси Сергей Вакунов квалификациялуу эмгек мигранттарын кабыл алууга Россиянын кызыкдар экенин билдирди.

Ал мигранттардын Россияга легалдуу негизде келип, киреше алып, акчаларын мекенине жибериши маанилүү экенин баса белгиледи.

Вакунов учурда эмгек мигранттарын санариптик эсепке алуу системасына өтүү иши жүргүзүлүп жатканын да белгиледи.

«Россияда иштегиси келген Кыргызстан жарандары үчүн негизги талаптардын бири жергиликтүү мыйзамдарды сактоо, туруу жана жумушка орношуу үчүн негиздердин болушу, анын ичинде жумуш ордун камсыз кылуу боюнча келишимдин болушу. Кыргызстан жарандарына Россияда иштөө үчүн патент талап кылынбайт, бул алардын артыкчылыктарынын бири», — деп кошумчалады ал.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: