
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинен маалымдашкандай, Суусамыр - Талас - Тараз маршрутуна жайгашкан Отмок ашуусунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр алынды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда бул жолдун бөлүгүндө транспорт кыймылы эч кандай көйгөйсүз жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо жана инерттик материалдарды төшөө иштерин ДЭП №36нын адистери жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, чектөөлөр өткөн күнү аба ырайынын кескин начарлашы себептүү киргизилген, бул болсо жүк ташуучу транспорттун кыймылына таасир эткен.