АКШнын Транспорт министрлиги жана Автотранспорт каражаттарынын федералдык коопсуздук башкармалыгынын маалыматы боюнча, CDL алууга же узартууга укуктуу:
- Америка Кошмо Штаттарынын жарандары;
- грин-карт ээлери (АКШнын туруктуу жашоочулары);
- АКШнын аймагында иштөө визаларына ээ чет элдиктер;
Маанилүү белгилеп өтүү керек, жумушка уруксат (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) CDL алуу же узартуу үчүн жетиштүү шарт эмес, эгерде арыз берүүчүнүн тиешелүү иммиграциялык статусту федералдык органдар тарабынан таанылбаса.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга тиешелүү штаттык органдарда талаптарды алдын ала тактап, зарыл документтердин мөөнөттөрүн көзөмөлдөп, федералдык эрежелердеги мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну катуу сунуштайт.