Таласта фасольды кайра иштетүү заводу курулат

Сергей Гармаш Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Талас облустук драма театрынын К.Медетбеков атындагы залында 20-февралда 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча коллегиянын жыйыны өттү жана 2026-жылга пландар талкууланды. 

Иш-чарага өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, райондордун акимдери, шаар мэри, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйында быйыл облуста фасольди кайра иштетүүчү завод курула турганы маалым болду. Ошондой эле, 2025-жылы облус боюнча төрөлүү көрсөткүчү 167 балага төмөндөгөнү белгиленди.

Президенттин өкүлү Эрмат Джумаев облустук коллегиянын курамындагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымдады. Андан кийин 2026-жылдын 31-августунда Таласта белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнү үчүн ишке ашырылып, пландалган 20 долбоор тууралуу презентация сунушталды.

Өткөн жылдын жыйынтыктары менен таанышуу үчүн өкүлдүн орун басары Максат Байджигитов сөз сүйлөдү. Анын маалыматы боюнча, социалдык маанилүү азыктар боюнча бааларды туруктуу кармоо үчүн ар жумада ярмаркалар өткөрүлүп, эттин баасы туруктуу деңгээлде сакталган.

Тартылган инвестициялардын көлөмү 7 млрд 932,1 млн сомду түзүп, өсүш көрсөткөн. Бюджеттин өсүш темпи 175,3% га жетип, салык жыйноонун көрсөткүчтөрү жогорулаган, ал эми жергиликтүү бюджет 90 млн сомго толукталган.

Ишкердикти колдоо максатында 102 ишкана курулуп, 500дөн ашык жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай секторунда 6 ири ишкана эксплуатацияга берилген.

Өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова социалдык тармактагы жетишкендиктер тууралуу отчет берди. Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы 51 эне өлүмү катталып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 11 учурга аз. Туберкулез (106 учур) жана гепатит B (2 учур) ооруларынын деңгээли төмөндөгөн. Ошондой эле, билим берүү, миграция, маалымат базаларын түзүү, «Социалдык контракт» программасы боюнча социалдык жардам алгандардын мониторинги, облустун спорттук жетишкендиктери, диний абал жана маданиятты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев өз сөзүндө жалпы жыйынтыктарды оң деп баалады. 

Коллегиянын чечими менен 2025-жылга социалдык-экономикалык өсүш динамикасы оң деп таанылды. Мындан тышкары, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу, узакка созулган курулуштарды тездетүү, долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу, билим берүү деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча пландар бекитилди.

2025-жылдын жыйынтыктары боюнча Манас району өткөөл Кызыл Туу жана 50 миң сомдук акчалай сыйлыкка ээ болду. Эң мыкты айылдык аймак Шумкар-Уя деп табылды (сыйлык 30 миң сом). Ч.Мамбетова атындагы бириккен ооруканасы 10 миң сом алды. Талас электр тармактарынын директору Акылбек Султанов «Эң мыкты жетекчи» деп таанылып, 5 миң сомдук сыйлыкка ээ болду.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: