
Бул жылы 37 камсыздандыруу окуясы катталды
Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.
Экономика жана соода министрлигинин Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров бул маселе боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты — турак жайды жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн милдеттүү камсыздандыруу системасын жакшыртуу.
Каралып жаткан учурда депутат Алтынбек Кылычбаев камсыздандыруу окуясы орун алганда, айрыкча өрт учурунда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн мөөнөтү жана компенсациянын өлчөмү тууралуу суроо берди.
Докладчы жооп берип, максималдуу төлөм суммасы шаардык тургундар үчүн 1 миллион сом, айылдык аймактар үчүн 500 миң сом экенин, ал эми төлөмдөрдүн мөөнөтү бир айдан ашпарын айтты.
Депутат Гульнара Акимбаева милдеттүү камсыздандыруу боюнча үчүнчү тарап катары кимдердин чыгышы мүмкүн экенин тактады.
Депутат Токтобубу Ашымбаевдин төлөмдөр боюнча суроосуна Марат Пирназаров 2024-жылы 240 камсыздандыруу окуясы катталып, жалпы төлөмдөр 37 миллион сомду түзгөнүн, 2025-жылы 247 окуя катталып, 32 миллион сом төлөнгөнүн билдирди. Учурдагы жылы 37 окуя катталып, 10 миллион сом төлөнгөн.
Каралып жаткан жыйынтыктар боюнча депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда бир добуштан колдошту.
сүрөт www