Бишкекте Ала-Тоо мөңгүлөрүнүн эриши тууралуу фильм көрсөтүлдү

Юлия Воробьева Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
26-февралда Америкадагы Борбордук Азия университетинде "Ала-Тоо: жок болуп бараткан муздардын артынан" документалдык тасмасы көрсөтүлдү.

Фильм Кыргызстан жана Казакстан журналисттеринин биргелешкен эмгеги болуп саналат, долбоордун идеясы Бишкектен Мунара Боромбаева жана Алматыдан Мадина Ашиловага таандык. Режиссураны да алар аткарган, ал эми монтажды Кыргызстандык Анархан Алтымышова жана Казакстандык Калимаш Бегалиева жүргүзүшкөн.

Бишкекте Ала-Тоо муздарынын эриши тууралуу фильм көрсөтүлдү

Тасма эки өлкөнүн туш болгон жалпы экологиялык көйгөйлөрүнө тиешелүү жана Борбордук Азиядагы эң курч темалардын бири — муздардын тез эришиши жана анын миллиондогон тургундарга тийгизген кесепеттерин изилдеген масштабдуу журналисттик изилдөө болуп саналат.

Фильмдин авторлору бул трансчектик экологиялык көйгөйдүн суу жана азык-түлүк коопсуздугуна, социалдык туруктуулукка, гендердик теңдикке жана адамдын ден соолукка ылайыктуу чөйрөгө болгон укугуна кандай таасир тийгизгенин көрсөтүшөт.


Премьера маанилүү маданий окуя болуп гана калбастан, ачык диалог үчүн орун болду. Уюштуруучулар климаттык чакырыктарга дипломаттардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик структуралардын жана жарандык коомдун көңүлүн бурууну көздөшөт, БУУнун Устундук өнүгүү максаттарына ылайык күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын баса белгилешет.


"Биз муздардын эриши — бул келечектеги абстракттуу коркунуч эмес, азыркы учурда биздин регионубуздун беттешип жаткан реалдуулугу экенин көрсөтүүнү кааладык. Фильмде биз муздардын азайышы, кырсыктар, климаттык миграция жана кургакчылык ортосундагы байланыштарды изилдейбиз. Мындан тышкары, биз көйгөйлөрдү гана эмес, ошондой эле чечүү жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайбыз", — деди автор Мунара Боромбаева.


Фильм 2025-жылы Европалык Союздун колдоосу менен "Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу" (CARAVAN) долбоорунун алкагында Internews тарабынан тартылган.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: