
Текшерүү 17 жана 18-январда өттү. Түштүк региондордун судьялары Ошто тестирлөөнү өткөрүшсө, түндүк өкүлдөрү үчүн иш-чара Бишкекте өттү. Жалпысынан тесттерге 136 судья жана алардын жардамчылары катышты.
Судьялардын физикалык формасы FIFA жана АФК тарабынан бекитилген жана эл аралык деңгээлде колдонулган YO-YO фитнес-тестинин жардамы менен бааланды. FIFAнын талаптарына ылайык, башкы судьялар 18,4 деңгээлде, ал эми жардамчылар 17,6 деңгээлде жыйынтык көрсөтүшү керек болчу.
YO-YO тести судьялардын чыдамкайлыгын, жогорку интенсивдеги жүктөмдөргө туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жана матчтарга даярдыгын объективдүү түрдө өлчөйт. Натыйжалар келечектеги мелдештерге жана окуу-тренировка жыйналыстарына судьялардын тизмелерин түзүүдө, ошондой эле сезон ичинде алардын физикалык даярдыгын көзөмөлдөөдө эске алынат.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча судьялардын учурдагы физикалык даярдыгы бааланып, келечектеги окуу-тренировка иш-чараларына катышуу үчүн талапкерлердин тизмеси түзүлдү.