
Чүй облусундагы балдар үйүндөгү жетим кыздын укуктары акыйкатчы тарабынан ийгиликтүү корголуп, анын мамлекеттик жөлөк пулдары калыбына келтирилди. Натыйжада, анын депозиттик эсепине акыркы сегиз жылдагы төлөнбөгөн жөлөк пулдун суммасы 518 миң сомдон ашык акча которулат, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
2025-жылы Акыйкатчы институтунун текшерүүсүндө Чүй облусундагы балдар үйлөрүндөгү бир нече жетим балдардын мамлекеттик жөлөк пулдарын албай жатканы аныкталган. Ошол жетимдердин бири — 2008-жылы төрөлгөн М.Б., 2017-жылдан бери балдар үйүндө жашайт.
2015-жылы МСЭК анын мүмкүнчүлүгү чектелген деп тааныган, жөлөк пул белгилеп, психиатрдын көзөмөлүн жана инклюзивдик программага катышууну сунуштаганына карабастан, 2017-жылы балдар үйүнө которулгандан кийин төлөмдөр токтоп калган. Бул кайрадан текшерүү уюштурулбагандыктан болду.
Сегиз жыл бою жооптуу органдардын кызматкерлеринин эч кимиси кыз үчүн кайрадан комиссия уюштуруу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.
Омбудсмен Жамили Джаманбаеванын Башкы прокуратурага жана Эмгек министрлигине кайрылуусунан кийин текшерүү башталды. Натыйжада, Эмгек министрлиги бузуу фактыларына жол берген кызматкерлерге дисциплинардык жоопкерчилик чараларын көрүп, 2017-жылдан 2026-жылдын 1-майына чейин төлөмдөрдү калыбына келтирди.