
Ошентсе да, өлкөдө "регулировка чаралары" киргизилген
Кечээ Жогорку Кеңеште энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда электр энергиясын веердик өчүрүү колдонулбай турганын билдирди.
Бул билдирүү Ноокат районунда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы тууралуу депутат Махабат Мавлянова тарабынан берилген суроого жооп катары айтылды.
Рысбеков тактады: "Веердик өчүрүүлөр колдонулбайт. Бирок, Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээлинин төмөндүгү себептүү, ноябрдан тартып электр энергиясын пайдаланууну жөнгө салуу чаралары киргизилди. Эртең менен жана кечинде элге жеткиликтүү болгон кубаттуулук убактылуу 5 кВттан 3 кВтка чейин төмөндөтүлдү", - деп кошумчалады ал.
Сүрөт www