Арыздар эки форматта келип түштү:
- онлайн – 46 431;
- офлайн – 32 528.
Эскерте кетсек, эски айдоочулук укуктарды жаңысына алмаштыруу массалык түрдө 12-январдан башталды. Бессрочный укуктарды алмаштыруу үчүн эки документти берүү талап кылынат: Кыргыз Республикасынын жарандыгы паспорту (же ID-карта) жана эски күбөлүк. 083 формасындагы маалымкат жана автошколаны аяктагандыгы тууралуу сертификат, эски күбөлүгүн алмаштырган айдоочулар үчүн талап кылынбайт. Арыздарды онлайн "Тундук" мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу же офлайн ГУ "Унаа"га барып берүү мүмкүн.