
Сүрөт The Independent
Жолбарыстардын өлүмүнүн көбү, коноктордун бул жырткычтар менен жакын байланышта болушуна мүмкүнчүлүк берген жеке коруктарда болду. Алдын ала тесттер жаныбарларда мысыктардын чумкасы аныкталганын көрсөттү.
Тайланддын мал чарба департаментинин башчысы Сомчуан Ратанамунгкланонунун айтымында, жолбарыстар адамдар менен туруктуу байланышта эмес, бул ооруну эрте аныктоону кыйындатат: «Биз көйгөйлөрдү байкаганда, оорунун алгачкы стадиясы өтүп кетиши мүмкүн».
Ведомстводо ошондой эле, жолбарыстардын абалдагы иммунитети алардын бири-бири менен гана жупташкандыгы себептүү начарлашы мүмкүн экендигин болжолдошту. Бул вируска жогорку сезгичтикке жана оорунун тез өтүшүнө алып келиши мүмкүн.
Окуяга жооп катары өлкөнүн бийликтери парктарды эки жумага убактылуу жапты, коруктарга кирүүнү чектеди жана вольерлер менен жабдууларды дезинфекциялоону баштады. Калган жолбарыстар карантинге алынды, деп жазылган макалада.