
Маалыматка ылайык, топтун катышуучулары өздөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн борбордун ар кандай райондорунан батирлерди ижарага алышкан. Кармалгандардын жашаган даректери боюнча жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаралардын натыйжасында вебкамералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик техника, ошондой эле ачык онлайн-трансляциялар үчүн арналган эротикалык костюмдар жана атрибуттар алынган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, топ Chaturbate (CB), Stripchat (strip) жана BongaCams вебкам-платформаларында трансляциялар өткөргөн жана өз ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерин Binance криптокошельктарына которуп турган.
Учурда бул ишке катышкан бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.