
Генерал-майор Эяль Замир билдирди, ЦАХАЛ операциянын бир нече күнгө созулушун күтүп жатат, деп маалымдады Times of Israel басылмасы.
Кечээ кечинде ЦАХАЛдын басма сөз кызматы «Хезболла» Иран тарапта аскердик аракеттерди баштаганын жана Израильге ракета менен сокку урганын тастыктады. Муну менен ЦАХАЛ Ливандагы максаттарды аткылап баштады. Эяль Замир туруктуу чабуул жана коргонуу операцияларына даярданууну тапшырды. Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, израильдик соккулардын натыйжасында 31 адам каза болуп, 149 адам жаракат алган.