
Айыппулдар 7 500дөн 23 000 сомго чейин болот
Кыргызстанда халал-индустриядагы мыйзам бузуулар үчүн административдик чараларды киргизүү маселеси талкууланууда. Бул өзгөртүүлөр жакында Жогорку Кеңештин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каралды.
Экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов учурдагы «Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия жөнүндө» мыйзамда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу нормалар бар экенин, бирок алар азырынча административдик мыйзам бузуулар кодексине киргизилбегенин билдирди.
Ошентип, кодекс «Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия боюнча мыйзам талаптарын бузуу» деген жаңы статья менен толукталат деп пландалууда.
Талкууланган мыйзам долбооруна ылайык, халал-продукцияларды жана халал-услугаларды талап кылынган документтерсиз саткандыгы үчүн төмөнкү айыппулдар каралган:
— жеке адамдар үчүн 7 500 сом;
— уюмдар үчүн 23 000 сом.
Мындан тышкары, юридикалык жактар үчүн халал-продукция жана кызматтардын стандарттарына ылайык келишин текшерүү процедурасын бузгандыгы үчүн 13 000 сомдук айыппулду киргизүү сунушталууда.
Талкуудан кийин Жогорку Кеңештин профилдик комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда бир добуштан колдоду.
Сүрөт www