КРдан Wildberries аркылуу товарларды өткөрүү маселелери ЕЭК деңгээлинде чечилди

Яна Орехова Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram

Москвада кыргызстандык сатуучулардын Wildberries платформасындагы көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшүү болду. «Кабар» агенттиги уюштурган пресс-конференцияда, ЕАЭБдин координация башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу 30-январда өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымдады.

Жыйында 2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев тарабынан көтөрүлгөн электрондук соода чөйрөсүндө, айрыкча Wildberries платформасында, кыргызстандык сатуучулардын туш болгон кыйынчылыктары тууралуу маселе талкууланды.

КРдан Wildberries аркылуу товарларды өткөрүү көйгөйлөрү ЕЭК деңгелинде чечилди
Бул маселе боюнча ЕЭКнын аянтчасында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстандык бизнесмендер менен биргеликте пайда болгон көйгөйлөрдү терең талкуулоо жүргүзүлдү.

Бул аракеттердин жыйынтыгында кыргызстандык сатуучулардын товарларын башка катышуучу өлкөлөрдөгү электрондук соода аянтчаларына жеткирүү модели бекитилди, мында товарларга болгон менчик укугу физикалык жактарга сатылганга чейин өтпөйт. Бул модель Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилди, бул товарларды өткөрүүдө мурдагы кыйынчылыктарды жоюуга жардам берет.

«Келишимге ылайык, товарларды жеткирүүдө эки негизги документ – CMR жана товар-транспорт накладнаясы (ТТН) түзүлөт. Бул документтерди толтуруу процедурасын түшүндүрүү үчүн жакынкы убакта Wildberries өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин аянтчасында маалыматтык семинар өткөрүү пландалууда. Өткөрүүчү жер жана убакыт кийинчерээк жарыяланат», - деп белгиледи Элимбек Каныбек уулу.

Ал ошондой эле ЕЭК Кеңеши тарабынан талкуунун жыйынтыгы боюнча абалды мониторингде улантуу жана өз ара электрондук соода процессинде пайда болгон көйгөйлөр тууралуу тез арада маалымат берүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: