1 миң кен орундан Кыргызстанда жарымынан азы иштелип жатат — МДС

Сергей Мацера Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын минералдык ресурстарынын көлөмү болжол менен 177 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Эл аралык бизнес кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков «B5+1» бизнес форумунун алкагында өткөн «Критикалык минералдар боюнча B5+1 диалогу» панелдик сессиясында билдирди.

Сыдыков өлкөдө 1 миңден ашык кен жайгашканын, бирок алардын жарымынан азы гана иштетүүгө ылайыктуу экенин белгиледи.

Дүйнөлүк деңгээлде таанылган 20 критикалык минералдын ичинен Кыргызстанда болгону жети түрү активдүү иштетилүүдө, деп кошумчалады ал.

Сыдыковдун пикири боюнча, сектордун динамикалуу өнүгүшү үчүн заманбап технологиялар, квалификациялуу адистер жана инвестициялар керек. «Геологиялык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө жумшалган ар бир доллар 7,3 доллар киреше алып келет», — деп баса белгиледи ал.

Мындан тышкары, МДСнын жетекчиси Кыргызстан азырынча GORC эл аралык стандарттарына жана башка заманбап геологиялык маалыматтарды жүргүзүү ыкмаларына өтпөгөнүн белгиледи.

«B5+1» инициативасы Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан «Ортолук Азияда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу» (IBECA) программасынын алкагында, АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан колдоого алынып жатат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: